super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште кайрадан Абхазиядан келген унаалардын маселеси көтөрүлдү

 

Бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Абхазиядан келген унааларды мыйзамдаштыруу маселесин караштырыш керектигин айтты.

"Мурунку бийлик болсо түшүнөт элем. Алар "кийин карайбыз, коё туралы" дей беришчү. Бирок элде азыркы өкмөттө үмүт бар да. Эми алар унаасын темир кылып таштап салбайт да. Аларга 20-30 миңден айып пулун төлөтүп туруп, биротоло мыйзамдаштырып бербейлиби дагы, мындар ары бир дагы унаа кирбесин деген чектөө койбойлубу?" - деди Акаев.

Акаев буга чейинки парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында дагы Абхазия номурундагы унааларды мыйзамдаштыруу үчүн өкмөттөн мунапыс берүүнү суранган. Ал мыйзамсыз ээлеп алынган жерлерге берилип жаткан мунапысты мисал кылган. Депутат Дастан Бекешев да мындай демилгени 5-декабрдагы жалпы жыйынында көтөрүп, мунапыс берүүдөн өлкө казынасына каражат түшмөктүгүн белгилеген.

Эске салсак, 22-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргызстан Абхазияны Грузиянын ажырагыс бөлүгү катары тааный турганын белгилеп, мындан улам өлкө Абхазия унааларынын номурларын жана башка документтерин тааныбай турганын, андыктан ал өлкөдөн алып келинген унаалар мыйзамсыз экенин айткан.

Армения менен Абхазиядан кирген унааларды каттоодо оорчулук жаралып жатканы коомчулукта байма-бай айтылып келет. Бул маселе парламентте дагы бир нече ирет көтөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: