Акылбек Жапаров президенттин командасы 12 сааттан 14-16 сааттык иштөө режимине өткөнүн айтты
Президент Садыр Жапаровдун командасы мурун 10-12 саат иштеп келсе, эми 14-16 саат иштеген режимге өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал иштей албаган өкмөт мүчөлөрү кызматтан кетип жатканын, айрымдары камалганын белгиледи.
"Акталгандар чыгып кайра өз жумуштарында иштеп жатат. Бардыгыбыз эле жакшы иштеп жатабыз деген жокпуз. Бул эми токтобогон жумуш экен. Ким жетишсе биз менен чогуу иштеп калат. Жетишпегендерге бизнеске шарт түзүп беребиз", - деди Жапаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

