Бишкекте өспүрүм кызды сүзүп, из жашырган Лексустун айдоочусу кармалды (видео)
Бишкектин 7-Апрель көчөсүнөн жол тандабас мектеп окуучусун сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти. Бул туурасында шаардык патрулдук милиция билдирди.
Маалымдалгандай, 9-декабрь саат 07:30дар чамасында 8-класстын окуучусу жөө адамдар өтүүчү жерден өтүп бара жаткан. Ошол учурда аны Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.
Жабыркаган мектеп окуучусу Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жеткирилген.
Жол кайгуул кызматы жол тандабастын айдоочусу кийин өз каалоосу менен башкармалыкка келгенин айтты. Ал 1960-жылы туулган Ж.И. аттуу жаран экендиги аныкталган. Учурда унаа айып короого токтотулду.
Бишкекте окуучуну сүзүп, изин жашырып кеткен айдоочу табылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.