super.kg logo

Түштүк Кореянын полициясы президенттин сакчыларынын каршылыгына кабылды

 

Түштүк Корея полициясы тинтүү жүргүзүү үчүн президенттик администрациянын имаратына кире алган жок. Бул тууралуу ТААС Yonhap маалымат агенттигине таянып жазды.

Маалыматка караганда, тинтүү жүргүзүү үчүн имаратка келген тергөөчүлөр тобу президенттин коопсуздук кызматы менен бир пикирге келе алышкан эмес.

Буга чейин Yonhap полиция президенттик администрацияда тинтүү баштаганын билдирген болчу. Анда мамлекет башчысы кеңседе болбогону дагы айтылган.

Белгилей кетсек, президент Юн Сок Ёл 3-декабрь күнү кечинде өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен. окуядандан кийин бир нече аткаминерлер камакка алынып, өлкө башчыга тышка чыгууга тыюу салынган.

Ал Корея парламенти өлкөдө аскердик абалдын жарыялануусуна байланыштуу айыптарды иликтөө үчүн атайын прокурорду талап кылган мыйзам долбоорун кабыл алган. Мындан улам 3-декабрда өлкөдө аскердик абалдын киргизилишин иликтөө боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: