super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Кытайдан келген делегацияны кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 11-декабрда Кытайдын Өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин Чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана чет өлкөлөргө инвестицияларды камсыздоо департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа баштаган кытай делегациясы менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Анда тараптар бул долбоордун ишке ашырылышы стратегиялык мааниге ээ экендигин, өлкөлөрдүн экономикалык жана социалдык тармактарын өнүктүрүүдө негизги жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан эң маанилүү инфраструктуралык звено болорун белгилешти.

Белгилей кетсек, акыркы этаптарга ылайык 2024-жылдын 6-июнундагы өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында, Министрлер кабинети менен “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жол компаниясы” ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык макулдашуунун долбоору каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: