super.kg logo

Бишкекте тоноо фактысы катталып, качып кеткен бет капчандар изделүүдө

 

Бүгүн, 11-декабрда Бишкекте тоноо фактысы катталып, шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, саат 16:56 чамасында Бишкек ШИИББине Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган беткапчан адамдар менен белгисиз адамдардын ортосунда мушташ болуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышкерлер "Ford Focus" үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кеткендиги аныкталган. Алынган маалыматтар боюнча алар акча каражатын тартып алып кетишкен, жабыркагандар бар. Келтирилген материалдык чыгымдын суммасы такталууда.

Учурда "Перехват" планы жарыяланып, борбордук милициянын өздүк курамына багыттамалар берилди. Шектүү адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

"Урматтуу борборубуздун тургундары жана коноктору, эгер сиз кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, 102 кыска номери боюнча токтоосуз кабарлаңыз", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: