super.kg logo

Ошто кайненесин сабады делген жаран 7 суткага камакка алынды . Ага аялы да арыз жазды

 

Ошто кайненесин сабады делген жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-ноябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Мады айыл аймагынын 64 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 29-ноябрь күнү 35 жаштагы Ж.А. аттуу күйөө баласы ур-токмокко алгандыгын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, ден-соолукка атайын жеңил зыян келтирилгендиги аныкталган. Жабырлануучунун 1989-жылы туулган Ж.А. аттуу күйөө баласы тергөө кызматына жеткирилген.

Анын үстүнөн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 57-беренесинин (Ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү) негизинде материал топтолуп, райондук соттун кароосуна жиберилген. Бүгүн Ж.А. аттуу жаран Кара-Суу райондук соту тарабынан 7 суткага камакка алынды.

Учурда бул жарандын үстүнөн аялын ур-токмокко алуу фактысы боюнча дагы тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат. Тагрыаагы, 2-декабрда Кара-Суу РИИБге 24 жаштагы И.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 29-ноябрда Ж.А. уруп, денесине залал келтиргенин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: