Мамлекеттик ишмер Асанбек Шаршеналиев дүйнө салды
Мамлекеттик ишмер, юридика илимдеринин доктору, эмгек сиңирген юрист Асанбек Шаршеналиев 85 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда жакындары билдирди
Асанбек Шаршеналиев Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Туу айылында туулган. Ал өлкөнүн укук системасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон. Шаршеналиев конституциялык соттун төрагасы, башкы прокурор, КУУнун Юридикалык институтунун директору болуп эмгектенген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Асанбек Шаршеналиевдин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.