"Уят да". Нурланбек Шакиев Кыргызстанда ташка чейин ат коюлганын айтып нааразы болду (видео)
Бүгүн, 12-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Талас облусунда жайгашкан, деңиз деңгээлинен 4457 метр бийиктиктеги чокуну Бакай-Ата деп атоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Анда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөдө ат коюлбаган таш да калбаганын айтып, өкмөт мүчөлөрүн мыйзам алып келерде ойлонууга чакырды.
"Мейли муну колдодук. Бирок көрүнгөн чоку, таш, жар, асканын баарына ат койгонду токтотуш керек. Уят да эми", - деди ал.
Жогорку Кеңеш 12.12.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

