Бишкекте абанын сапатын текшерген датчиктер текшерилди




Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги айрым мекемелерде абанын сапатын өлчөөчү жабдууларды (датчиктерди) текшерди. Бул тууралуу мекеме 12-декабрда билдирди.
Ага ылайык, текшерүүдө адистер приборлордун сертификаттары жок экендигин аныктаган. Ошондой эле аппараттар жабык, желдетилбеген жерлерде жайгашкандыктан, атмосфералык абанын сапаты боюнча туура эмес маалыматтарды бергени айтылды.
Министрлик бардык кызыкдар тараптарды аныкталган мыйзам бузууларды оңдоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө жана абанын сапаты боюнча ишенимдүү маалыматтар менен гана бөлүшүүгө чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.