super.kg logo

Жумгалда жоголгон өспүрүм: Тийиштүү кызмат издөө иши тууралуу маалымат берди

 

ӨКМдин Жумгал районундагы башкармалыгы Өрнөк айылында мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгон 9 жаштагы баланы издөө иши тууралуу маалымат берди.

Билдирүүгө караганда, издөө ишине кечээ, 11-декабрда 4 куткаруучу тартылган.

"Куткаруучулар туугандары айткан жерлерге якорь салып карап келишти. Натыйжа болгон жок", - деп билдиришти мекемеден.

Ошондой эле мекеме учурда Көкө-Мерен суусунун жээктерин муз каптап, жээк менен басуу кооптуу болуп калгандыктан издөө иштери убактылуу токтотуларын кошумчалашты.

Эске салсак, 6-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон. Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.

14-ноябрда ИИМ Көкөмерен суусунун боюнан 45 жаштагы жарандын жансыз денеси табылганын билдирген. ӨКМ баланы издөө иштери пассивдүү фазада улантыла турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: