super.kg logo

Чүй облусунда жыл башынан бери 190 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

 
Чүй облусунда жыл башынан бери жарандар жана айдоочулар тарабынан 186 миң 869га жакын жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул туурасында Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын маалымат кызматы билдирди.
Алардын ичинен:
- Мас абалында унаа башкарган - 2099 айдоочу;
- Автоээнбаштык жасаган - 74 айдоочу;
- Каршы кыймыл тилкеге чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу - 670;
- Тийиштүү документтери жок унаа башкарган - 4069 айдоочу;
- Жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар - 10 миң 15 факты;
- Терезелерин караңгылаткан - 741 айдоочу;
- Жол белгилерине баш ийбеген - 52 миң 819 айдоочу;
- Ылдамдыкты ашырып айдаган - 81 миң 933 айдоочу;
- ТК эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 21 миң 212 айдоочу;
- Коопту жүк ташуу эрежелерин бузуу - 113 айдоочу;
- ТК менен ташуу эрежелерин бузуу - 745 айдоочу;
- Башка жол эрежелерин бузган - 7363 айдоочу.
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 8016 унаа айып короо жайына токтотулгандыгы маалыматта кошумчаланган.
Облустук жол кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: