super.kg logo
  Саясат  

Москвада КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду (тизме)

 

Москва шаарында өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- Жарандык кеме курууну өнүктүрүүдө жана кемелердин тетиктерин чыгарууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндөгү макулдашуу;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин пенитенциардык кызматтары үчүн кадрларды даярдоо жөнүндөгү макулдашуу;

- КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо жаатында кызматташуу жөнүндөгү меморандум;

- КМШга мүчө мамлекеттердин 2025–2026-жылдарга гуманитардык кызматташуу жаатындагы артыкчылыктуу иш-чаралардын планы;

- КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар жөнүндө;

- КМШнын органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу КМШ органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин жөнгө салуучу КМШнын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- КМШнын органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуу жөнүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: