super.kg logo

Улуттук кинематография боюнча кеңештин биринчи отуруму болуп өттү

 

Бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги тарых музейинде Улуттук кинематография боюнча кеңештин биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, катышуучулар улуттук киноиндустрияны өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жыйындын алдында быйыл сатылып алынган жаңы кинотехникалар жана кыргыз киносунун быйылкы жылдагы жетишкендиктери менен таанышты. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын маданий мурасын эл аралык аренада таанытуу жана өлкөнүн оң имиджин түзүү үчүн киноиндустриянын стратегиялык маанисин белгиледи.

Байсалов киноиндустрияны өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле жасоо, анын ичинде техникалык базаны модернизациялоо, инвестицияларды тартуу жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, ошондой эле жигердүү эл аралык кызматташуу жана кыргыз киносун чет элдик фестивалдарда даңазалоо зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын соңунда 2025-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер жана “Кыргызстан – баатырлардын өлкөсү” концепциясын ишке ашыруу планы белгиленди. Кинематография боюнча кеңеш катышуучуларга жемиштүү иштери үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз киносун өнүктүрүүдө амбициялуу максаттарга жетүү үчүн мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: