super.kg logo

Ысык-Көлдүн Темир айылынын жаштары майыптыгы бар балдардын ата-энесине жаңы үй куруп берди

 

Ысык-Көл районунун Темир айылынын жаштарынын демөөрчүлүгү менен айылдагы оорулуу беш баласы бар үй-бүлөгө жаңы төрт бөлмөлүү үй курулуп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Муфтияттын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, үй жашоого керектүү эмеректер, кир жуучу машина жана башка бардык шарттары менен толук жабдылган. Кайрымдуулук иш-чарасы Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Эрнис Медетовдун демилгеси менен уюштурулган.

Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев жаштардын бул берешен демилгесине ыраазычылыгын билдирди.

"Бул биздин райондо муктаждар үчүн курулуп берилген бешинчи үй болду. Оорулуу балдары бар үй-бүлөлөргө кол сунган жаштарыбызга Алла ыраазы болсун!" – деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: