Кытай Тайванга кысым көрсөтүп жатабы?
Тайвандын Коргоо министрлиги акыркы 24 саатта аралга жакын жерде Кытайдын 53 аскердик учагы, 11 деңиз кемеси жана башка 8 кеменин активдүүлүгү катталганын билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, алардын ичинен 23 учак Тайвань кысыгынын орто сызыгын кесип өтүп, Тайвандын абадан коргонуунун идентификациялык аймагына кирди. Буга чейин, дүйшөмбүдөн шейшембиге чейин, Тайвань аралдын айланасында Кытайдын 47 учагы, 12 кемеси жана 9 өкмөттүк кемеси иштеп жатканын билдирген.
Буга жооп кылып Тайвандын куралдуу күчтөрү согушка даярдыгын жогорулатуу үчүн машыгууларды өткөрө баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.