super.kg logo

"Баасы 130 миллиондон ашат". Бишкекте жогорку окуу жайга тиешелүү жер тилке мамлекетке кайтарылды

 

Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жер тилкесинин мурда мыйзамсыз алынган бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда УКМКдан билдирди.

УКМК тарабынан мурда Кыргыз улуттук агрардык университетине тиешелүү болгон жер тилкеси 1998-жылы аталган окуу жайдын балансынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке менчикке берилген.

Маалым болгондой, 1992-жылдын 16-декабрындагы №107 "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган жер тилкенин менчик ээси өз ыктыяры менен жана акысыз түрдө аталган жер тилкени мамлекетке өткөрүп берген. Анын базар баасы 130 миллион 711 миң сомду түзөт.

Бул кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарына карата тергөө иштери уланууда, алардын аракеттерине сөзсүз юридикалык баа берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: