super.kg logo

Дональд Трамп Time журналы тарабынан жылдын адамы деп табылды

 

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Time журналынын версиясы боюнча, "Жылдын адамы" аталды.

"Трамптын саясий кайра жаралуусунун Американын тарыхында окшошу жок", - деп белгиленет келечектеги президентке арналган материалда.

Журнал 78 жаштагы бизнесмен жана саясатчынын биринчи мөөнөтү "маскаралык" жана Капитолийди басып алуу менен аяктаганын эске салды. Мындан тышкары Трампка каршы бир нече кылмыш иши козголгон. Мунун фонунда Республикалык партия андан баш тартты. Бирок бизнесмен андан кийин партиялык праймеризде жеңишке жетип, президенттикке талапкер болгон. Кошумчалай кетсек, быйыл июль айында ал "өлтүрүү" аракетинен аман калган.

Эске салсак, 5-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өткөн. Республикачыл талапкер Дональд Трамп жеңүү үчүн зарыл болгон 270 шайлоочулардын 277 добушун алды. Анын атаандашы, Демократиялык партиянын атаандашы Камала Харрис 226 добушка ээ болгон.

Ал Американын тарыхында мурдагы шайлоодо утулуп калгандан кийин Ак үйгө кайтып келген экинчи мамлекет башчысы болуп калды. Буга чейин демократ Гровер Кливленд да дал ушундай жол менен келген.

"Жылдын адамы" наамына жалпысынан он адам көрсөтүлгөн. Анын ичинде Трампка утулган АКШнын вице-президенти Камала Харрис, SpaceX жана Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск, быйыл рак оорусуна чалдыккан жана химиотерапиядан өткөн ханбийке Кейт Миддлтон, маркум Алексей Навальныйдын жубайы Юлия Навальная жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: