super.kg logo

“Кришна аң-сезиминин эл аралык коому” сектасынын жактоочулары кармалды (видео )

 
УКМК Бишкек шаарынын аймагында "Кришна аң-сезим коому" же, "Харе Кришна кыймылы" деп да аталган сектанын функционерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда УКМКдан билдиришти.

Жергиликтүү сектанын жолдоочулары чет өлкөлүк миссионерди (б.а. "Санньяса") тартуу менен, коммерциялык сессияларды (өзүн-өзү тазалоо, өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча психологиялык курстар) жамынып иш-чараларды уюштуруп турушкандыгы аныкталды. Иш-чаралардын жүрүшүндө сунуш жана манипуляция катары психологиялык таасир этүү ыкмалары, ошондой эле жеке ("жаппа") жана жамааттык ("киртан") түрдө медитация, мантралар ырдалып, жашыруун диний ырым-жырымдар активдүү колдонулган.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Бишкектеги мейманканалардын биринде аталган сектанын мүчөлөрү тарабынан кыргызтандык 300гө жакын жарандын катышуусунда конференция уюштурулган (катышуу үчүн билеттер 1000сомдон 3000 сомго чейин сатылган). Ошол эле учурда катышуучулардын көпчүлүгү уюштуруучулардын диний сектага катышы жана иш-чаранын диний мүнөзү тууралуу кабардар болгон эмес.

Мыйзамсыз диний иш-аракеттерге бөгөт коюу максатында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын жана ИИМдин өкүлдөрүн тартуу менен текшерүү демилгеленип, анын жыйынтыгында мыйзамсыз диний иш-аракеттерди уюштуруучуларга карата айып пул (120 миң сом) салуу менен укук бузуулар тууралуу протоколдор түзүлгөн.

УКМК жарандарды диний секталарды ишке тартуу тобокелдиктерин жоюу максатында псевдопсихологдордун ар кандай коммерциялык курстарына жана коуч-тренингдерине катышууда кылдат болууга чакырат.





УКМК “Кришна аң-сезиминин эл аралык коому” сектасынын жактоочулары кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: