super.kg logo

MBANK - Эл аралык VISA AWARDS сыйлыгынын 2024-жылдагы лидери

 

Өлкөнүн сыймыгы жана эл аралык аренанын баасы: MBANK VISA AWARDS сыйлыгынын беш категориясы боюнча лидери болду

Санариптик төлөмдөр тармагында дүйнөлүк лидер Visa 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстандагы банктардын жетишкендиктерин белгиледи. "Коммерциялык банк Кыргызстан"|MBANK беш номинацияда жеңишке жетип, VISA AWARDS 2024 сыйлыгынын абсолюттук лидери болду. Бир нече жылдан бери банк Кыргызстандын рыногунда жеңиштердин саны боюнча бардыгынан алдыда келе жатат

MBANK санариптик банкингдеги лидерлигин тастыктады. Бул жеңиш MBANK кардарларына сунуш кылган эң жогорку сапат стандарттарынын ырастоосу болду.

MBANKтын VISA AWARDS 2024 аземиндеги жеңиштери:

Best Issuer - "Мыкты эмитент" өлкөнүн банктарынын арасында Visa карталарын чыгарууда жана төлөмдөрдүн көлөмү боюнча лидерлик.

Junior Card Launch - "Балдар үчүн мыкты банкингди ишке киргизгендиги үчүн".

Best Visa Direct Originator – “Visa to Visa технологиясы боюнча лидер” – MBANK тиркемесинде Visa Direct технологиясын ишке киргизгендиги жана картадан Visa картасына которууда лидерлиги үчүн.

Domestic Best Approval Rate - “Авторизацияларды бекитүү боюнча эң мыкты банк” – бул MBANK Visa карталары менен төлөмдөр бүткүл дүйнө боюнча көйгөйсүз жана шыр экенин билдирет.

Leader in Token - "Активдүү токендердин саны боюнча лидер", анын ичинде Google Pay. Банк төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн коопсуз токенизация технологиясын активдүү колдонгон кардарлардын көп санын камсыз кылат.

Өлкөнүн сыймыгы жана эл аралык аренанын баасы

Ар бир сыйлык MBANKтын банк тармагындагы инноватор катары лидерлик позициясын тастыктайт. Бул күн сайын MBANKты ыңгайлуулугу, ишенимдүүлүгү жана заманбап технологиялары үчүн тандаган кардарлардын ишенимине негизделген ийгилик.

«Бул сыйлыктар биздин бүтүндөй командабыздын эмгегинин жана биздин кардарлардын MBANKка болгон ишениминин бааланышы. Бизге ишенгендердин бардык кардарларыбызга ыраазычылык билдиребиз. Бул биздин кардарларыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө эң мыкты тандоолорду гана сунуштоо үчүн бизди андан ары өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө дем берет», - деп белгиледи MBANK

Visa сыйлыктары эл аралык деңгээлде ишенимдин, сапаттын жана таануунун ырастоосу болуп саналат. MBANK Кыргызстандын заманбап финансылык технологиялар дүйнөсүндөгү ролун сыймыктануу менен көрсөтөт.

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБ № 014 Лицензиясы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: