super.kg logo

"Адамдын убалы жаман". Камчыбек Ташиев күнөөсүз адамды атайлап каматкандар жазаланарын айтты

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылып, күнөөсүз адамды атайлап каматкандар жазаланарын айтты. Бул тууралуу пикирин ал кечээ, 13-декабрда Баткендин Кулунду айылындагы УКМКнын аймактык бөлүмүн ачуу аземинде билдирген.

"Бирөөнү атайылап, артынан түшүп, атайылап даярдап, кылмыш кылдыртып, же болбосо бирөөнү "подства" кылып, кармап келип ушул "мына жыйынтыкка" дей турган болсоңор өзүңөр дагы жооп бересиңер. Андай кылбагыла! Адамды убалы жаман. Күнөөсүз адамды күнөөгө тартканды биз жоюшубуз керек. Такыр биздин арабызда болбошу керек. Биз, сиздер менен кошо жаңылып калууга акыбыз жок. Адамдын өмүрү, тагдыры, анын жашоо-тиричилиги мына силердин алдынарда турат. Жакшынакай жашап аткан адамды "подства" кылып, камап, үй-бүлөсүн зарлатып, кыйналган абалга түшүрбөшүңөр керек" деди УКМК башчысы.

Ошондой эле Ташиев ар бир иште тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектигин эскертип, "подства" болгондор дароо эле көрүнүп каларын кошумчалады.

"Кээ бирде ушундай болуп калат. Байкуш мамлекеттик аткаминерди "подства" кылганда дароо эле көрүнүп калат. Ал байкуш өзү эптеп эле үйдө жашайт, унаасы, ашыкча дүйнөсү деле жок. Бирок ушул кылмыш кылды деп камап койгон учурлар болуп калат. Ушундайлар болбосун" деп эскертти Ташиев.






Камчыбек Ташиев күнөөсүз адамды атайлап каматкандар жазаланарын эскертти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: