super.kg logo

Камчыбек Ташиев коррупция менен күрөшү иши күчөтүлөөрүн айтты (видео)

 

2025-жылдын 1-январынан баштап коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдар катталданат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 13-декабрда Баткендин Кулунду айылындагы УКМКнын аймактык бөлүмүн ачуу аземинде билдирген.

Айтымында, алдыдагы эки жылда коррупцияны толугу менен жоготуу иши күчөтүлөт.

"Мамлекетибиздеги уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөштү күчөттүк эле жыйынтыгын берди. Бүгүнкү күндө мамлекетибизде эч кандай бандиттик топтор жок. Уюшуп алышып, бандиттик кылып, ишкерлерди тоноп, же болбосо бирөөнү коркутуп-үркүткөн эч ким жок. Андайлар болсо, аларды дагы жоопко тартабыз. Ушул тарабынан биз тартипти орноттук. Эми негизги жумушубуз - 2025-2026-жылдын ичинде Кыргыз мамлекетиндеги коррупцияны тыйышыбыз керек" деди ал.

Мындан тышкары ал коррупция болгон жерде өнүгүү жана мамлекеттик түзүлүштүн бекемдигин болбостугун белгиледи.

"Ушул багытта жумушуңарды күчөткүлө. Кудай буюрса, 2025-жылдын 1-январынан баштап коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарыбыз катталданат. Ошол мыйзамдардын негизинде коррупцияга аёсуз күрөш жарыялап, кимде ким мамлекетке кыянатчылык кылса, баарын жоопко тартышыбыз керек" дейт УКМК башчысы.






14.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: