super.kg logo

Таң атпай Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду (видео)

 

Бишкекте бүгүн, 15-декабрь таңга маал жол кырсыгы катталып, эки чет элдик жаран каза болду. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 07:00 чамасында болгон. Анда БМВ 520 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Алма-Ата көчөсү менен түндүктү көздөй катуу ылдамдыкта бара жатып, "Мадина" базарындагы бетон түркүктү сүзгөн.

Анын кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү каза болуп, үч жүргүнчү оор жаракат алышкан. Ал эми унаа экиге бөлүнүп кеткен.

Унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөр чет элдик жарандар болушкан. Бул факты боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.






15.12.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: