super.kg logo

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олипмпиадада алтын медаль утту

 
Казакстандын Алматы шаарында 13-14-декабрь күндөрү мектеп окуучуларынын информатика боюнча XVI Евразия командалык олимпиадасы болуп өттү. Ага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 73 команда (бир командада 3 окуучу) катышты.
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, аталган сынакта Кыргызстандан 8 команда өлкөнүн намысын коргоду. Олимпиаданын жыйынтыгында бир команда алтын медаль, үч команда күмүш медаль, эки команда коло медаль жана эки команда сертификат менен сыйланды.
Алтын медалга төмөнкү окуучулар ээ болушту:
Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек, Токмок жана Нарын шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Майрамбеков Байторо, Айдарбеков Алихан, Лебиев Абдулазиз алтын медалга ээ болушту. Аларды олимпиадага Урайымов Кылычбек даярдаган.
Күмүш медалга төмөнкү командалар ээ болушту:
  • Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Ош жана Токмок шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Абдирасулов Абдуллахан, Арапов Али, Карыпжанов Нурислам. Даярдаган мугалими – Урайымов Кылычбек.
  • Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Алманов Кутбол, Садирбеков Санжар, Бусурманкулов Канимет. Даярдаган мугалими – Урайымов Кылычбек.
  • Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Кадамжай районундагы жана Нарын шаарындагы лицейлеринин, ошондой эле Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Маалыматтык технологиялар улуттук мектеп-лицейинин окуучулары: Мананов Рамазан, Кадыров Адилхан, Жаникеев Саид. Даярдаган мугалимдери: Урайымов Кылычбек жана Алмазбеков Бексултан.
Коло медалга төмөнкү командалар ээ болушту:
  • Бишкектеги Газпром Кыргызстан мектебинин жана Якир атындагы 61-автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары: Канатбеков Адиль, Филиппов Андрей, Бобрус Ян. Даярдаган мугалими – Осмонов Медербек.
  • Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Ош, Жалал-Абад жана Талас шаарларындагы лицейлеринин окуучулары: Зымчыбеков Ислам, Миңбаев Байыш, Алишеров Азамат. Даярдаган мугалими – Урайымов Кылычбек.
Сертификат менен төмөнкү командалар сыйланды:
  • Сапат эл аралык билим берүү мекемесинин Каракол шаарындагы жана Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы лицейлеринин окуучулары: Жамалов Тенгиз, Акжолтоева Айпери, Саламатов Байел. Даярдаган мугалими – Урайымов Кылычбек.
  • Кут Билим окуу-тарбия комплексинин окуучулары: Тажибаев Исхак, Маликов Азим, Алахунов Ахмад. Даярдаган мугалими – Саматов Манас.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: