super.kg logo

АКШдагы телеканал жалган маалымат үчүн Трампка 15 миллион доллар төлөйт 

 

АКШдагы ABC News телеканалы жаңы шайланган президент Дональд Трампка 15 миллион доллар төлөп бермей болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын март айында Трапм аталган телеканалга маек берген. Анда алып баруучу Жорджа Стефанопулос Дональд Трамп "сексуалдык ыдык көрсөткөнү үчүн жооптуу" деп табылганын ырастап, бир нече жолу кайталаган.

Окуядан кийин Трамп Флорида штатынын федералдык сотуна ABC News телеканалынын өкүлдөрүнө карата арыз менен кайрылган.

Сот чечим чыгарып, натыйжада ABC News телеканалы Трамп түзө турган президенттик фондго 15 миллион доллар төлөп, кошумча 1 миллион доллар жактоочуга кеткен чыгымдарды жабууга милдеттендирилди. Ошону менен катар телеканал алып баруучунун сөздөрүнө өкүнүч билдирген расмий билдирүү жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: