super.kg logo

Санкт-Петербургда батирлерди тоногондор кармалды. Алардын бири Борбор Азиянын жараны

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарына караштуу Калинин районунда үйлөрдү байма-бай тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Алардын арасында Борбор Азиянын 37 жаштагы жараны да бар. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, жогоруда айтылган жаран менен 39 жаштагы жергиликтүү тургун менен Металлист көчөсүнүн бириндеги батирден ири суммадагы акча каражатын жана алтын буюмдарды алып чыгып кетишкен. Уурдалган буюмдардын жалпы суммасы 317 миң рубль болгон.

Тергөөнүн маалыматында алар ошол эле күнү кечинде 61-үйдүн жашоочусунун банк картасын коркутуп алып, 150 миң рубль акча каражатын чыгарып кетишкен. Эки үйгө тең терезе аркылуу киршкендиги маалыматта айтылат.

Полиция шектүүлөргө карата кылмыш ишин козгоп, алар кармалды. Учурда аларга карата тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: