Бишкекте эми унаа токтотуучу жайы жок көп кабаттуу үйлөр курулбайт
Бишкек шаарында эми унаа токтотуучу жайы жок курулуштарга уруксат берилбейт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, ушул жылдын сентябрь айынан тарта курула турган беш кабаттан бийик үйлөрдүн жер төлөсүндө унаа токтотуучу жайы болушу керек жана бир батирге бир унаа токтотуучу жайдын болушу шарт.
"Мындан ары жер төлөсүндө атайын унаа токтотуучу жайы жок болсо, курулушка уруксат берилбейт. Мындан тышкары курулушта жаңы технологияларды да колдонууга уруксат бердик. Кеч болсо да жаңы курулуштарды тартиби менен куралы", - деген Орунтаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.