Алыскы Алайку жолунда тазалоо иштери кызуу жүрүүдө




Ош облсунун Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайку унаа жолун кардан тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, инерттик материалдарды чачуу иштери таңкы саат 05:00дөн баштап аткарыла баштаган.
"1 даана автогрейдер, 1 даана Т-150, 1 даана манипулятор, 1 даана самосвал исузу, 2 даана автожүктөгүч, 1 даана шлак жүктөгөн экскаватор, 9 жумушчу инерттик материалдарды чачуу иштерине тартылган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Транспорт министрлиги өлкөнүн ашууларында каттам бар экендигин айтып, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана "Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүп жаткандыгын билдирген. Ошондой эле Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.