Мирлан Жээнчороев: “Республика” фракциясы сөзсүз Бишкек мэрлигине талапкер чыгарат”
Бишкек шаарынын мэрлигине шаардык кеңештеги “Республика” фракциясы сөзсүз талапкер чыгарат. Муну SUPER.KG порталына бүгүн, 7-январда Бишкек шаардык кеңешиндеги аталган фракциянын депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди. “Кимди талапкер кыларыбыз жакын арада билинет. Бир күн убактыбыз бар. Учурда саясий кеңеште сүйлөшүүлөр уланууда”,- деди Жээнчороев.
Эскерте кетсек, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 15-январда өтөт. Мэрликке шаардык кеңештеги бардык фракциялар талапкер көрсөтө алышат жана талапкерлерди каттоо 8-январда токтотулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















