"Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
Бишкек–Ош унаа жолундагы Токтогул районунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө бүгүн, 16-декабрда саат 11:35те алынды.
Белгилей кетсек, кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында “Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө кечээ, 15-декабрда саат 19:25тен тартып убактылуу чектөө киргизилген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.