super.kg logo
  Саясат  

"Тарыхта калары анык". Байсалов Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Facebook баракчасы аркылуу Акылбек Жапаровдун өкмөт башчы катары аткарган кызматына жогору баа берди.

"Акылбек Жапаров Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы 30 жылында топтолгон баа жеткис тажрыйбаны өткөрүп гана тим болбостон, бүтүндөй бийлик вертикалын толугу менен кайра программалап, кайра ишке киргизген, таалим-тарбия берген мамлекеттик ишмер катары өлкө тарыхында калары анык. Бардыгыбызды эффективдүү, ак ниеттүү башкарууга жана бүткүл мамлекеттик аппаратка эң жогорку талаптарды коюуга үйрөттү. Акылбек Жапаров бул убакыт аралыгында өзүн жаманатты кылган жок. Кызматтан таза абийир менен, башын бийик көтөрүп кетип жатат: ал иштеп турганда өлкө тарыхында эң көрүнүктүү жетишкендиктер болду", - деп жазды ал.

Байсалов Жарапов мындан ары дагы өлкө жарандарынын жыргалчылыгы үчүн ак ниет кызматын уланта берерин белгиледи. Мындан тышкары анын кызматтан алынышы өлкө башчысы Садыр Жапаровдун чечими болгонун кошумчалады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын айтымында, президент башкаруу стилин жаңыртуу максатында Президенттик администрация менен Министрлер кабинетинин жетекчилигин ротациялоону чечкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: