super.kg logo

ИИМ мектептеги рэкетчиликке кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертет (видео)

 

Ички иштер министрлиги мектептеги рэкетчиликке кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертип, бул боюнча социалдык видеотасма даярдады.

Маалымдалгандай, мектептеги рэкетчилик көбүнчө талап-тоноо жана опузалап талап кылуу сыяктуу кылмыштар менен коштолот.

"Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо), башкача айтканда, башка бирөөнүн мүлкүн ачыктан-ачык ээлеп алуу, эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып пул салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) жабырлануучунун, же анын жакындарынын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бирөөнүн мүлкүн өткөрүп берүүнү опузалап талап кылуу, эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул кылмыштарга байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилиги 14 жаштан башталары кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: