super.kg logo

Маркумду бычактап, сөөгүн таштандыга ыргыткан. Жалал-Абадда шектүүлөр кармалды (видео)

 

Жалал-Абадда 32 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектелип 18 жана 20 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-декабрда милицияга Сузак районунун 27 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 32 жаштагы жолдошу 21-ноябрь күнү саат 09:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айткан. Факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Издөө иштеринин натыйжасында 13-декабрда Базар-Коргон районунун Чарбак айылындагы таштанды таштаган жерден кездемеге оролгон белгисиз жарандын сөөгү күйгөн абалда табылган. 27 жаштагы келин жансыз дене жоголгон жолдошунуку экенин тастыктаган. Денеге кароо жүргүзгөндө 60 жолу бычак менен сайылып, кескиленген жерлери бар экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 18 жана 20 жаштагы тургундары кармалып, камакка алынган. Тергөөдө алар маркум менен акча тууралуу пикир келишпестиктер болгондугун жана окуяга дагы бир жарандын катыштыгы бар экендигин айтышкан.

Учурда тергөө иштери уланууда.






16.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: