super.kg logo

Сирияда жарандык согуш келип чыгуу коркунучу бар экендиги айтылды

 

Сириядагы Түркия колдогон күчтөр менен күрттөрдүн ортосундагы жаңжал өлкөнү жарандык согушка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ТАСС агенттиги The Washington Post басылмасынын макаласына таянып жазды.

Басылма АКШ колдогон күрттөр эгемендүүлүктү жарыялоого аракет кылышса, Сириянын жаңы бийлигинин катуу каршылыгына дуушар болушу мүмкүн экенин белгилейт. Ошондой эле маалыматта Башар Асаддын өкмөтүн кулаткан куралдуу оппозициянын бөлүнүү коркунучу бар экенин, учурда дагы деле аймакта Израиль, Түркия жана АКШнын кийлигишүүсү уланып жатканы айтылат. Басылма мындан ары түркиячыл топтор чабуулун улантып, күрт күчтөрүн артка чегинүүгө мажбурлап, АКШнын аскердик базаларына коркунуч жаратуу ыктымалдыгы бар экенин жазат.

Басылмада белгиленгендей, күрттөрдүн Сирия демократиялык күчтөрү өлкөнүн чыгыш жана түндүк-чыгышындагы Дейр-эз-Зор, Ракка и Хасеке провинцияларынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт. Бул күчтөр Вашингтондон колдоо алып турат. 2015-жылдан бери бул аймактарда АКШнын 9 аскердик базасы орнотулган. Учурда Сириянын 25 пайзы күрттөрдүн көзөмөлүндө экендиги маалыматта кошумчаланган.

Эске салсак, Дамасктагы бийлик алмашуудан кийин Анкара колдогон кошуундар (алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат) күрттөрдүн карамагындагы Манбидж шаарын толугу менен басып алганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: