super.kg logo

Huawei компаниясы жаңы бүктөлүүчү смартфонун жана башка флагмандык түзмөктөрүн Дубайдагы презентацияда сунуштады

 

12-декабрда Дубайдагы бет ачарда Huawei Consumer Business Group (CBG) бир нече жаңы өнүмдөрдү, анын ичинде HUAWEI Mate X6 бүктөмө смартфонун, HUAWEI nova 13 сериясындагы смартфондорду, жаңы кызгылт алтын түстөгү HUAWEI FreeBuds Pro 4 жана HUAWEI FreeClip кулакчындарын, ошондой эле HUAWEI MatePad 11,5 планшетин тааныштырды. Инновациялык технологиялар жана жаңы өнүмдөр Huawei компаниясынын үзгүлтүксүз өнүгүүгө умтулуусун жана колдонуучуларга сапаттуу түзүлүштөрдү сунуштоо ниетин чагылдырат.

HUAWEI Mate X6 смартфону: бүктөлүүчү смартфондор тармагындагы жаңы сөз
Mate сериясындагы жаңы муундагы бүктөлүүчү смартфон HUAWEI Mate X6 ультрареалисттик сүрөт тартуу камерасы, жука, бирок бышык корпусу жана инновациялык көп тапшырма аткаруу мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Камера модулунун "Жылдыздуу орбиталдык шакеги" планеталардын орбиталарынан шыктануу менен жасалган жана келечектин чексиз мүмкүнчүлүктөрүнүн белгиси болуп саналат. Смартфон кара боз, кызыл жана кара түстөрдө сунушталат. Камера модулуна 1,5 млн спектралдык каналга ээ ультрареалисттик сүрөт тартуу объективи, физикалык диафрагмасы жөндөлүүчү 50 МП объектив, 40 МП ультра кең бурчтуу объектив жана макро тартууга ылайыктуу 48 МП телеобъектив кирет.

HUAWEI nova 13 сериясы: портреттик сүрөт тартуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөр
HUAWEI nova 13 сериясындагы смартфондор алдыңкы камерасынын ар кандай фокус аралыктагы зум мүмкүнчүлүктөрү жана жасалма интеллектке негизделген технологиялары менен айырмаланат. HUAWEI nova 13 Pro камерасы 50 МП объектив менен жабдылган, анын диафрагмасы (f/1.4–f/4.0) жөндөлөт. XD Portrait Engine технологиясы текстура, жарык жана түстүн параметрлери боюнча сүрөттөрдүн сапатын оптималдаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, эң жакшы бетинин түрү менен кадрды тандоо функциясы кошулду.

HUAWEI FreeBuds Pro 4 кулакчындары: жоготулбай турган үн жана ызы-чууну басуу
HUAWEI FreeBuds Pro 4 кулакчындары HUAWEI SOUND технологиясын колдойт жана сапаттуу үн ойнотууну камсыз кылат. Эки динамик тараткычтар терең төмөн жана таза жогорку үн жыштыктарын угууга мүмкүнчүлүк берет. Бул түзмөк 2,3 Мбит/сек ылдамдыктагы үн өткөрүүнү колдоп, жасалма интеллект алгоритмине негизделген ызы-чууну басуу системасы менен жабдылган.

HUAWEI FreeClip кулакчындары: жаңы түс жана жакшыртылган функциялар
HUAWEI FreeClip кулакчындары "Кызгылт алтын" жаңы түсүндө сунушталууда. Ийкемдүү коннектор ыңгайлуу колдонууга шарт түзөт, ал эми динамикалык төмөн жыштыктарды жөндөө жана кулап түшүү тууралуу эскертүүлөр функциялары ыңгайлуулукту арттырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: