Жалал-Абадда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун издөөдө жүргөн мүчөсү колго түшүрүлдү
Жалал-Абад облустук ИИБинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында издөөдө жүргөн 31 жаштагы Мусурманкул Сулайманов Жалал-Абад шаарынан колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу 6-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Дамира Арстанова
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арал айылынын тургуну С.М. 2013-жылы май айында Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Азамат Гапаровго таандык Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын 6500 АКШ долларына алып, акчасын ушул күнгө чейин коркутуп бербей жүргөндүгү аныкталган.
С.М. КР ИИМнин маалымат аналитикалык борборунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары 2012-жылдын 14-февралынан бери каттоодо турат.
Бул факты боюнча алгачкы материалдар чогултулуп, Ош ОИИБинин Өзгөн РИИБине 2013-жылдын 4-декабрь күнү өткөрүлүп, кылмыш иши козголгон.
Учурда кармалган С.М. Ош облусунун Өзгөн РИИБине тапшырылып, иликтөө иштери улантылууда.
Эске салсак, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобу Кыргызстандагы эң ири криминалдык топ катары таанылган. 2008-жылы Москвада Көлбаевге “Мыйзамдагы ууру” таажысы кийгизилген. 2010-жылы парламенттик шайлоодон кийин Көлбаев Дубайда жашырынып жүргөн болчу. Былтыр 8-декабрда Кыргызстанга келип, өз ыктыяры менен колго түшүп берген. Учурда камакта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
kushbak79

08.01.2014. 03:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайларды атып эле салыш керек.Москвада туну жалгыз журсон 5-6 жаш балдар созсуз алдындан "Камчынын балдарыбыз" деп чыгышат.Акча сурайт,бербесен тоногонго аракеттенишет.Чынчынына келгенде алар Камчыны коргон эмес,просто авторитет кармашат экен.Щёлковская метродо ушундайлардын экоосун кармап алып,чала олук кылып урган элек.Ошондо олтуруп салбаганыма окуном дагеле.
Sharos

10.01.2014. 00:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчыны деле атып салбайбы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.