super.kg logo

Энергетика министри электр жарыгы өчүп жатканы үчүн элден кечирим сурады

 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 17-декабрда "Биринчи радиого" маек берип жатып жарандардан электр жарыгын өчүрүү учурундагы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

Анын айтымында, айрым аймактарда электр энергиясы өчүрүлүп жатат. Өчүрүүлөр эң көп керектөө учурунда: эртең менен жана кечинде болууда.

"Биз электр энергиясын үнөмдөшүбүз керек. Азыр карасаңар, көп жерде керексиз учурда жарыктар күйүп турат. Эртең менен кафелерде күйүп турат, түндө өчүрүшпөйт. Баарыбыз бир лампочкадан эле үнөмдөсөк, канчалаган электр энергиясын үнөмдөйт элек. Убактылуу ыңгайсыздыктар жаралып жатат, ал үчүн кечирим сурайм. Бирок биз бул нерсени кылбасак, мындан дагы чоң көйгөйлөр жаралат. Бүтүндөй шаар жарыксыз калат. Мен бул нерсени түшүнүү менен кабыл алууну суранат элем", - деди Таалайбек Ибраев.

Ошону менен катар министр электр энергиясы көмүр, газ жана башка жылытуу каражаттарына караганда баасы өтө эле арзан экенин айтып, ошол себептүү электр энергиясына муктаждык көп экенин кошумчалай өттү.






Энергетика министри

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: