super.kg logo

Трамп Түркияны Жакынкы Чыгыштагы “негизги күч” деп атады

 

АКШнын жаңы шайланган президенти Трамп Түркияны жана анын Сирия жаңжалындагы ролун жогору баалап, өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жакшы мамиледе экенин белгиледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Трамп Түркияны абдан акылдуу өлкө, ал эми Эрдоганды абдан акылдуу жана катаал экендигин айткан.

"Түркия негизги күч, мен Эрдоган менен жакшы мамиледемин. Анын согуштан чарчабаган олуттуу аскердик күчтөрү бар. Ал абдан күчтүү жана күчтүү армияны жараткан.

Сириядагы кагылышуу кандай бүтөрүн жана ким жеңип чыгарын эч ким билбейт, бирок Түркиянын жеңгенине ишенем. Сиз бул божомолду башкалардан укпагандырсыз, бирок мен өз божомолдорумда такмын", - деп кошумчалаган Дональд Трамп.

Ошондой эле ал Башар Асад балдарга жасаган мамилеси менен өзүн касапчы катары көрсөткөнүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: