super.kg logo
  Саясат  

Депутат Самаков садака берүүнү электрондук форматка өткөрүүнү сунуштады 

 

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кубанычбек Самаков садака, зекеттен түшкөн акчаны электрондук форматка өткөрүү керектигин билдирди.

Анын айтымында, жарандар садакага берген акчасын кайда жумшалганын ачык түрдө көрүп турушса, садака берүүнүн саны көбөйөт.

"Садака, зекеттен түшкөн акчаны, алардын сарпталышын, муктаждыкка кетип жаткан акчаларды электрондук форматка өткөрсө болобу? Же болбосо канча акча түштү, кандай иштерге жумшалды деген маалыматтарды сиздер, өзүңүздөр жеке сайтыңыздарга чыгарып турсаңыздар. Себеби Кыргызстан, өзүңүздөр билгендей, санариптештирүү деп бардыгы электрондук форматка өтүп жатат. Жарандар баарын ачык-айрым көрүп жатса, муфтиятка ишеним көбүрөөк артып, садака берүүнүн дагы саны өсмөк. Анан дагы садака берүүнү онлайн форматка дагы өткөрсөк жакшы болмок", - деди депутат.

Ал эми муфтий Абдулазиз Закиров садакадан түшкөн ар бир акчанын отчёту бар экенин айтты. Ошондой эле учурда садаканы онлайн түрдө төлөө каралып жатканын билдирип өттү.






Депутат садака берүүнү электрондук форматка өткөрүү керектигин сунуштады 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: