super.kg logo

Кытайда жүз миллиондогон долларды жеген чиновник өлүм жазасына тартылды

 

Кытайдын Коммунисттик партиясынын Хух-Хото шаарынын экономикалык жана технологиялык өнүгүү зонасындагы жумушчу комитетинин мурдагы катчысы Ли Цзяньпин коррупциялык кылмыштары үчүн өлүм жазасына тартылганын РИА Новости Кытайдын борбордук телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.

"Жогорку Элдик соттун чечиминин негизинде бүгүн, 17-декабрда эртең менен Ички Монголиянын Хинган автономдук районунун Элдик соту Ли Цзяньпинди мыйзам чегинде өлүм жазасына тартты", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин тергөө Ли Цзяньпин ар кандай кызматтарды ээлеп, 1 миллиард 430 миллион юандан (бүгүнкү курс менен 199 миллион доллардан ашык) мамлекеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланганын аныктаган. Мындан тышкары ал башкалардан 577 миллион юань (80 миллион доллардан ашык) каржылык жана материалдык байлыктарды алган, ошондой эле 1,05 миллиард юандан (146 миллион доллардан ашык) мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган.

Кытайдын соту Ли Цзяньпинди 2022-жылы өлүм жазасына кескен, андан кийин ал апелляциялык арыз жазган. 2024-жылдын августунда экинчи инстанциянын жыйынтыгы боюнча өлүм өкүмү күчүндө калтырылган.

Ли Цзяньпин өлүм жазасына тартылар алдында жакын туугандары менен жолукканы белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: