super.kg logo

Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторду кантип жок кылганын айтты (видео)

 

Өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ деген түшүнүк жоголду. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.

Ал анча-мынча жекече кылмыштар болуп жатканын, бул багытта укук коргоо органдары иш алып барып жатканын белгиледи.

"Биз үчүн УКТ мүчөлөрүн кантип жок кылыш керек эле? Эң негизгиси, алардын каржылык булактарын жок кылышыбыз керек эле. Ушуга чейин Кыргызстанда УКТ мүчөлөрү абдан байып кеткен. Кыргызстандагы эң бай адамдардын ичине уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери да кирген. Алар мамлекеттик кызматкерлерди сатып ала беришкен, бизнес дагы жасай беришкен", - деди Ташиев.

УКМК жетекчиси кримтөбөлдөр менен күрөшүүдөн, тагыраагы, Камчы Көлбаев, Кадыр Досонов, Эркин Мамбеталиев, Чыңгыз Жумагуловдон 50 миллиард сом өндүрүлгөнүн белгилеп, айтылган сумманын ичинде мүлк да бар экенин, учурда алар сатылып жатканын айтты.

"Дүкөндөр, пансионаттар жана башка объектилер бар. Мына 2-3 пансионат сатылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ жок. Бардык каржылык булактарын кыркып бүттүк. Эгерде бир бандит бар болсо, алар тыйыны жок көчөдө калган бандит", - деп кошумчалады Ташиев.






17.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: