super.kg logo

"16.12.2024". Анна Седакованын мурдагы күйөөсү өлөр алдында ага билдирүү калтырган

 
Орус ырчысы Анна Седокованын мурдагы күйөөсү, латвиялык баскетболчу Янис Тимма каза болор алдында социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ырчыга билдирүү калтырган.
Мурунку жубайынын видеосунун астына спортчу туулган жылын жана каза болгон күнүнүн датасын (02.07.92 - 16.12.24) жазган. Бул билдирүү азыр өчүрүлдү.
32 жаштагы баскетболчу, ырчы Анна Седокованын мурдагы күйөөсү Янис Тимманын өлүмү 17-декабрга караган түнү белгилүү болду. Спортчунун сөөгү Москванын борборундагы жатаканалардын биринин кире беришинен табылган. Жакын жерден телефон табылган, анын экранында мурунку аялынын номери жана ага чалууну суранган билдирүү жазылган. Окуя ырчынын туулган күнүнүн эртеси болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, спортчунун өлүмүнө өз жанын кыюу себеп болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: