super.kg logo

Бишкекте тарых мугалимдери үчүн «Кыргызстан-Россия: жалпы тарыхый эс-тутум» аттуу сынактын финалы өттү

 

13-декабрда Бишкектеги №55 мектепте Кыргызстандын мектептериндеги тарых мугалимдери үчүн «Кыргызстан-Россия: жалпы тарыхый эс-тутум» аттуу сынактын финалдык туру болуп өттү. Бул иш-чара «Евразия» уюмунун колдоосу менен ишке ашырылды.

Сынак Кыргызстандын жана Россиянын тарых мугалимдеринин ортосундагы кесиптик байланышты бекемдөөгө, эки өлкөнүн жалпы тарыхый эс-тутумун терең изилдөөгө жана эки өлкөнүн маданий, тарыхый жана социалдык өз ара аракеттенүүсүнө байланышкан темаларды окутууда көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чаранын негизги максаты — эки өлкөнүн ар кыл тарыхый мезгилдердеги мамилелерин чыгармачыл жана аналитикалык жактан изилдөөгө өбөлгө түзүү, ошондой эле маданияттар аралык байланыш темаларын окутуу жаатында педагогикалык тажрыйба алмашуу болду.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 9 мугалим баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Жеңүүчү болуп №9 мектептин мугалими Айзат Кудакеева табылды. Экинчи орунду №55 мектептен Халида Таштанбековна, ал эми үчүнчү орунду №70 мектептен Рита Жумабековна ээледи.

Сынактан кийин катышуучулар мындай маанилүү жана пайдалуу иш-чараны өткөргөнү үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди билим берүү жана жалпы тарыхты изилдөө аркылуу бекемдөө маанилүү экенин белгилешти.

Сынактын катышуучулары "Евразия" уюмуна ыраазычылык билдиришти.


В Бишкеке прошел финал конкурса «Кыргызстан-Россия: общая историческая память» для учителей истории*

13 декабря на базе школы №55 в Бишкеке состоялся финал конкурса «Кыргызстан-Россия: общая историческая память» для учителей истории школ Кыргызстана, организованный при поддержке АНО «Евразия». Конкурс был направлен на укрепление профессиональных связей между учителями истории России и Кыргызстана, повышение их интереса к изучению общей исторической памяти и развитию навыков преподавания тем, связанных с культурным, историческим и социальным взаимодействием двух стран.

Основными целями мероприятия стали способствование творческому и аналитическому осмыслению российско-кыргызских отношений в различные исторические периоды, а также обмен педагогическим опытом в области преподавания тем межкультурного взаимодействия.

По итогам конкурса были награждены 9 учителей, получивших ценные призы. Победителем стала Айзат Кудакеева из школы №9, на втором месте – Халида Таштанбековна из школы №55, а третье место заняла Рита Джумабековна из школы №70.

После завершения конкурса участники поблагодарили организаторов за проведение такого важного и полезного мероприятия, подчеркнув значимость укрепления связей между двумя странами через образование и историческое осмысление их общего прошлого.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: