super.kg logo
  Спорт  

"Челси" клубунун украиналык футболчусу Мудрик футболдон четтетилди

 

Англиянын "Челси" футболдук клубунун украиналык чабуулчусу Михаил Мудриктен допинг аныкталып, ал футболдон убактылуу четтетилди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, лондондук клубдун 23 жаштагы футболчусунун канынан тыюу салынган зат табыылган. Эми Мудрик B тестин тапшырат. Эгер анда дагы допинг колдонгону аныкталса ал спорттон 4 жылга четтетилет.

Быйылкы сезондо Мудрик Англия чемпионатында жети оюн ойногон. Бул оюндарда ал жакшы жыйынтык көрсөтө алган эмес.

Ал эми Конференция Лигасында алты оюн өткөрүп, анда үч гол киргизип, төрт жолу голдук пас чыгарып берген.

Украиналык футболчунун лондондук клуб менен келишими 2031-жылдын июнь айынын аягында аяктайт жана Transfermarkt порталынын маалыматы боюнча оюнчунун базар баасы 30 миллион еврону түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: