super.kg logo

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу графиги жарыяланды

 
Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына карата кышкы кабыл алуунун алкагында абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигин бекитти.
Министрлик билдиргендей, абитуриенттер кышкы кабыл алууда акы төлөө келишиминин (контракт) негизинде гана окууга тапшыра алышат.
ЖРТнын жыйынтыгы боюнча кышкы кабыл алуу үчүн ЖОЖдордун жана багыттардын тизмеси сайтка жайгаштырылды. Ал эми чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын ЖОЖдоруна кабыл алуу төмөнкү шилтеме аркылуу жүргүзүлөт.
Кышкы кабыл алуунун алкагында ЖРТнын жыйынтыктары боюнча конкурстук тандоо ушул жылдын 23-декабрында башталып, төрт турда өтөт. Турлардын графиги шилтемеде. 2024-жылы өткөрүлгөн ЖРТнын жыйынтыктары кышкы кабыл алуунун алкагында сынакка катышуу үчүн жарактуу.
Кышкы кабыл алуу учурунда кабыл алуу эрежелери жайкы кабыл алуу менен бирдей. Порталда абитуриенттин жеке кабинетин каттоо жана ачуу, ошондой эле конкурстук тандоого катышуу боюнча нускама жайгаштырылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: