super.kg logo
  Саясат  

Балбак Түлөбаев Адылбек Касымалиевди аяп жатканын айтты

 

Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев талапкерлиги Министрлер кабинетинин төрагалыгына каралып жаткан Адылбек Касымалиевди куттуктаарын же аяарын билбей жатканын айтты.

Анын айтымында, Касымалиев бул кызматка өтө оор мезгилде келип жатат жана эми ал канча убак иштээри белгисиз. Ошондой эле эл өкүлү Министрлер кабинетинде өкмөттүн ишин жаманатты кылып жаткандар бар экенин белгилеп, Касымалиевди сак болууга чакырды.

"Командаңардын ичинде собатожниктер, алкымы тыйылбагандар, артыңарга бычак сайгандар чыкты. Булар дагы чыгат. Мына кечээ күнү Камчыбек Кыдыршаевич айтты, "460 миллиард сом айлануунун ичинен 30 миллиард сомду жеген" деп. Силер болсо 6 миллиард сомду аяп, 1800дөн 2000 ге чыгарып алып келебиз деп аракет кылгансыңар. Жакшылап анализ кылып туруңуз", - деди Түлөбаев.

Мындан тышкары депутат алдыда кандай коркунучтар күтүп жатканын айтып, эскертүү кылды.

"Биринчи, ички карызды абайлаңыз. Экинчи, кышында энергосектордо кыйын болот. Командаңыздын ичиндегилерди тыйыңыз!" - деп кошумчалады.

Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында Министрлер кабинетинин төрагалыгына Адылбек Касымалиевдин, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиевдин, экономика жана коммерция министрине Бакыт Сыдыковдун талапкерлиги каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: