super.kg logo

Москвадагы жардырууда каза болгон генерал: Полиция өзбекстандык жаранды кармады

 

Орусиянын генералы Игорь Кирилловдун өлүмүнө алып келген терактты жасаган шектүү кармалды. Бул туурасында орус басылмалары жазышууда.

Маалымдалгандай, ал 29 жаштагы Өзбекстандын жараны. Аны Украинанын атайын кызматы жалдаганы айтылууда. Шектүүгө бул кылмыш үчүн 100 миң доллар убадаланган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал Москвага келип, жардыргыч затты самокатка орнотуп, генерал жашаган турак жайдын кире беришине токтоткон. Анын баарын түз эфирде жалдаган тарапка көрсөтүп турган.

Учурда Өзбекстандын Тышкы иштер министри кармалган жарандын өздүгү такталып жаткандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-декабрда Орусиянын борбору Москва шаарында жардыруу болуп, Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо бөлүмүнүн башчысы Игорь Кириллов жардамчысы менен каза болгондугу айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: