Аймактардагы имамдарга кызматтык унаалар берилди
Муфтият бүгүн, 18-декабрда өлкө аймагындагы райондордун баш имам-хатибдерине 20 кызматтык автоунаа тапшырылганын билдирди.
Бул иш-чара Дин башкармалыгынын борбордук кеңсесинде өтүп, ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, муфтий Абдулазиз Закиров катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – райондордо дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү жана элге ыңгайлуу, сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоо болуп эсептелет.
Муфтий өз сөзүндө автоунаалардын тапшырылышы дин кызматкерлеринин ишин жаңы деңгээлге көтөрөрүн баса белгиледи.
Жакынкы күндөрү дагы 20 автоунаа берилери маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.