super.kg logo

Билим берүү министрлиги телефон шылуундары тууралуу эскертет

 
Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызмат адамдарынын атынан телефон чалуулар менен коштолгон алдамчылык фактысы катталды. Бул тууралуу министрлик бүгүн, 18-декабрда билдирүү таратты.
Билдирүүгө ылайык, белгисиз адамдар мектеп директорлоруна телефон чалып, өздөрүн билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары деп тааныштырып, 19 000 сомдон өндүрүп жаткан учур катталды. Бул факты Ички иштер министрлигине кабарланган.
Ушундан улам министрлик мектеп директорлорун жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын шылуундарга алданып калбоого, жеке каражаттарга жана маалыматтарга өтө сак болууга чакырат.
Ошону менен бирге министрлик уюштуруу техникаларын бөлүштүрүп берүүдө аймактык бөлүмдөрүнөн жана жалпы билим берүү уюмдарынан акча каражаттарын талап кылууга жол берилбей тургандыгын билдирет жана шектүү эсептерге же банктык тиркемелерге акча каражаттарын которбоо керектигин эскертет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: