super.kg logo

УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясын жубайы менен чогуу кармады (фото)

 

Бишкек шаардык сотунун судьясы жана анын жубайы кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы А.А. жана судьянын аялы болуп саналган М.Г. аттуу жаран тарабынан алдамчылык фактысы аныкталган.

"Тактап айтканда, М.Г. аттуу жаран Кыргыз жаранынан 2000 доллар (174 миң сом) өлчөмүндө акча каражатын талап кылган, мындан улам аталган жаран Мбанк тиркемеси аркылуу М.Г.нын атына акча которгон. Ал жолдошу Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы А.А. аттуу жарандан Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын судьясы Ж.М. (А.Г. аттуу жарандын доо арызы боюнча баяндамачы болгон) менен байланышууну суранып, А.Г. аттуу жарандын пайдасына оң чечим чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМК кошумчалагандай, 16-декабрда судья А.А. Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын судьясы Ж.М.нын иш бөлмөсүнө кирип, доогер жаран А.Г.га жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми судья-баяндамачы Ж.М. мындан баш тартып, мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алына тургандыгын белгилеген. Ошол эле учурда, судья-баяндамачы Ж.М. аталган жарандык ишти кароону токтоткон, бул доогер А.Г. аттуу жарандын пайдасына болгон эмес.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча судьянын жубайы М.Г. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Бишкек шаардык сотунун судьясы А.А.га карата чогултулган материалдар Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына жөнөтүлүп, алар бүгүн, 18-декабрда кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришкен.

Алардын баш коргоо чарасы бүгүн, 18-декабрда Биринчи май райондук сотунда каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: